Практиканын конференциясы болуп өттү

2025-03-06 06:11:43 30

2021-жыл 17-мартта журналистика кафедрасында практиканын конференциясы болуп өттү. Ага “Университетте практикаларды уюштуруу, өткөрүү, жыйынтыктоо иш-чараларынын абалы жана алдыдагы милдеттер” деген Окумуштуулар кеңешинде каралуучу маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү доцент Динара Эмилбекова, Өндүрүштөр менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Талант Матикеев, факультеттин деканынын орун басары Нуржамал Мапаева, кафедра башчы Сейил Эргешова жана кафедранын курамы толугу менен катышты. Студенттер практикада үйрөнгөн тажрыйбалары менен ой бөлүшүп, презентацияларын жасашты.