Г.Осмоналиева радио дебат боюнча тренингге катышып келди

2015-11-11 14:14:05 56

5-ноябрдан 10-ноябрга чейин Бишкек шаарында ООНдун ЮНИСЕФ фонду тарабынан каржыланган "Youth of osh" жана Борбордук Азиядагы "Дебат" ассосациясы тарабынан уюшулган 10 айлык проектин 4-тренингине ОшМУнун журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Осмоналиева Гүлзада катышып келди. Тренинг радио дебат боюнча болуп, катышуучулар түрдүү темаларга бөлүнүп 2 күн радиодон дебатга чыгышты. Тренингдин 5-күнүндө айрым саясий партиялардын мүчөлөрү менен жолугушуу болуп, жаштар ортосунда маек болгондугун Осмоналиева Гүлзада студенттерге айтып берди.