Журналистика бөлүмүндө поэзия кечеси болуп өттү

2015-05-19 14:53:14 41

19-май күнү саат 11-00 дө кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин төгөрөк залында журналистика бөлүмүнүн 5-курсунун ЖК-1-10 тайпасынын студенти Апиш уулу Сыдыктын «Кош бол менин студенттик жылдарым» аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеге аты аталган факультеттин деканы профессор С.Момуналиев, журналистика бөлүмүнүн башчысы доцент Н.Мапаева, кафедра башчысы доцент С.Эргешова, журналистика бөлүмүнүн эмгек жамааты, "Нур" гезитинин эмгек жамааты жана студенттер катышышты. Жаш акындын ырларын тайпалаштары көркөм окушту.