8-апрель күнү саат 15-оо дө борборубуз Бишкек шаарынан келген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин деканы ф.и.д., профеcсор Маразыков Турусбек Сейдакматович ОшМунун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин магистиранттары менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз тилинин азыркы мезгилдеги проблеммалары боюнча талкуу жүрдү жана магистранттарды кызыктырган суроолоруна ф.и.д. профессор Т.Маразыков кеңири жооп берди.