Журналистика бөлүмүнүн студенттери

2015-04-08 11:20:28 51

6-апрель күнү кыргыз филологиясы жана журналистика факульетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери менен Москвадагы "Аруу дүйнө" адабий клубунун мүчөсү Акылай Рысбаева жолугушту. "Аруу дүйнө" адабий клубунун негиздөөчүсү жазуучу Бактыгүл Сейитбекова экенин жана андагы мүчөлөр тууралуу А.Рысбаева кеңири айтып берди. Акындык өнөргө кызыккан студенттер өздөрүнүн ырларын көркөм окушту жана акын А.Рысбаева,акын Б.Закирова да өз ырларын көркөм окушуп, поэзия кечесин улантышты. Кеченин акырында "Аруу дүйнө" адабий клубуна мүчө болууну каалаган студенттер кабыл алынышты.