Жаш акындар журналистика бөлүмүндө

2014-12-12 15:11:25 78

10-декабрь күнү саат 11-00 дө кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин төгөрөк залында жаш акындардын поэзия кечеси болуп өттү. Ага М.Маматжанов, М.Жангазиев, Б.Жамгырчыев, Акжол Доранбек уулу, Мирлан Алтымыш уулу, С.Толукова, Ж.Изатбекова жана башка жаш акындар келип, өздөрүнүн бирден ырларын окуп беришти. Аталган кече абдан жогорку деңгээлде өттү. Акырында М.Маматжановдун «Апакемдин алмасы» аттуу ырын комуздун коштоосунда жаш акындар чогуу ырдап, жалпы күйөрмандарына тартуулашты. Бул поэзия кечеси журналистика бөлүмү тарабынан уюштурулду.