7-ноябрь басма сөз күнүнө карата акын, жазуучу, журналисттер менен жолугушуу

2014-11-05 14:45:21 95

5-ноябрь күнү саат 11-00 дө журналистика бөлүмүндө 7-ноябрь басма сөз күнүнө карата акын, жазуучу, журналисттер менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстан жазуучулар союзунун түштүк бөлүмүнүн төрагасы Т.Жороев, акын жазуучу котормочу К.Ташбаев, акын жазуучу,Ош альманах журналынын редактору С.Шарипова, акын жазуучу, котормочу Жусуп ажы Султанов, акын жазуучу Э.Ыбышовдор келип катышышты. Жогорудагы акын жазуучулар студенттер менен журналистика тармагы боюнча дил маек талкуулап,ой бөлүшүштү. Ошондой эле Жусуп ажы Султанов алып келген китептерин, С.Шарипова журналдарын журналистика бөлүмүнө белек катары тпшырышты. Мындан сырткары Ош МУнун пресс катчысы З.Нуралиева, акын жазуучу Б.Закировалар да келип куттуктоо сөзүн сүйлөп, белектерин тапшырышты.